Бугу 10, 2024
Убакыт: 22:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Феликс Кулов Садыр Жапаров менен жолугушуп, маанилүү маселелерди талкуулады

10.03.2021 08:33
959
Феликс Кулов Садыр Жапаров менен жолугушуп, маанилүү маселелерди талкуулады

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, жолугушуу бир саттан ашык убакка созулган. Ал эч кандай кызмат сурабаганын билдирди.


"Менин жолугушуумдун  максаты өлкөнүн мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри  Улукбек Кочкоров иштеп чыккан, мультипликативдик эффектке ээ болгон, калктын реалдуу акчалай кирешелерин жогорулатууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө багытталган өтө маанилүү социалдык долбоорго өлкө жетекчилигинен колдоо табуу болду. Ошондой эле, экс-вице-премьер-министр Б.Мамбетовдун тоо-кен жана энергетика жаатындагы жана башка тармактардагы конкреттүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган сунуштарын карап чыгып, ошондой эле айрым инвестициялык сунуштарды эске алуусун сурандым. Мен дагы бир катар башка маселелер боюнча көз карашымды жана конкреттүү сунуштарымды айттым",- деп билдирүү калтырган Кулов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Максат Кудаяров
Фелекс Куловтун орду турмодо уурдагандарын токсун мамлекетке