Бугу 12, 2024
Убакыт: 06:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Феликс Кулов "7-канал" жана Топчубек Тургуналиевдин үстүнөн арыз жазып, сотко берди

12.03.2021 19:59
1503
Феликс Кулов "7-канал" жана Топчубек Тургуналиевдин үстүнөн арыз жазып, сотко берди

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевди жана «7-канал» телекомпаниясын сотко берди. Бул тууралуу саясатчы "Азаттык" үналгысына билдирген.


Бул боюнча соттук ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат.


Куловдун айтымында, «7-канал» анын Чехияда отели бар экени тууралуу маалымат таратып, 17 аскердик учактын сатылып кетишине айыптаган коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевге эфирден сөз берген.


Саясатчынын белгилешинче, эгер Чехияда мүлкү табылса аны каалаган кишиге өткөрүп берүүгө даяр, ал эми аскердик багыттагы учак Кыргызстанда эч качан болгон эмес:


«Айтылган сөздөрдү өзүбүзчө жеке лингвистикалык экспертизага бердик. Сот мамлекеттик экспертизага берүү керектигин айтты. Эки отурум болду, бирок Тургуналиев да, «7-каналдын» журналисттери да келе элек. Биринчиден, менден кечирим сурасын, экинчиден, төгүндөсүн деген эки талап койдум. Ошол жетет мага».

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн