Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Феминисттер маршы дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда

10.03.2020 11:46
1541
Феминисттер маршы дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда


Феминисттердин маршы бир гана Кыргызстан эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө болуп келет. Албетте, андай марштарга эч кандай каршылык болбошу керек. Себеби, түпкүлүгүндө феминизм – бул аялдардын укугун коргоо, алардын эркектер менен бирдей эле укукта болушун камсыздоо талаптарына байланыштуу пайда болгон. Тээ 18-кылымда, же тактап айтсак 1791-жылы Франциянын Конституциясы аялдардын шайлоого катышуу жана добуш берүү укугун чектеген. Мындай теңсиздик албетте аялдардын нааразычылыктарын жаратып, натыйжада түрдүү марштар, клубдар түзүлүп, аялдардын укугун коргоо жаатында талаптар коюла баштаган. Ушундай эле көрүнүш ошол эле убакта АКШда пайда болгон. Демек, түпкүлүгүндө феминизм – бул аялдардын саясий да, социалдык да укуктарын коргоо болуп саналат.


Бирок, биздин Кыргызстанга феминизм кирип келгенде эле радикалдуу болуп келди. Биздин өлкөнүн Конституциясы боюнча аялдар шайлоого да, шайланууга да укуктуу. Мамлекеттик бийлик бутактарында иштей алат. Эркектердей эле каалаганын кийип, каалаган жумушунда иштеп, каалаган убагында эс алууга укуктуу. Ошентсе да, албетте аялдардын укуктары бузулуп жаткан кырдаалдар жок эмес. Бул мамлекеттик масштабда эмес, жеке үй-бүлөлүк масштабдан алганда. Мисалы, күйөөсүнөн ур-токмок жегендер, кайын журтунан запкы тарткандар жана башка. Мына ушул жаатта аялдардын укугун коргоого алса болот.


8-мартта борбор шаарыбыздын Жеңиш аянтында феминисттердин кезектеги акциясы өттү. Алардын колдоруна кармаган плакаттарында «Мен төрөбөйм», «Мен күйөөгө тийбейм», «Мен чай куйбайм» деген сыяктуу радикалдашкан сөздөр да жазылып турганына күбө болдук. Анан жүздөрүн жашырган (бет капчан), баштарына ак калпак кийген «Кырк чоронун» жигиттери келип, акцияга чыккан аялдардын колдорунан плакаттарын жулуп алып, өздөрүн таркап кетүүгө мажбурлашты. Албетте, бул одоно көрүнүш болду. Себеби, Конституцияда ар бир адам өз оюн митингге чыгып ээн-эркин билдирүүгө укуктуу. Эгерде «Кырк чоронун» жигиттери феминисттердин акциясына нааразы болушса, анда алар да ошол эле жерге нааразычылык акциясын уюштурушса болмок. Ошондо толук мыйзамдуу көрүнүш болмок.


Ошентсе дагы биз эске ала турган жагдай бар. Ар бир мамлекеттин өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Айрым мамлекеттердин уңгусун кайсы бир этнос түзбөйт. Ар кошкон элдерден куралган. Ал эми көпчүлүк мамлекеттердин уңгусун бир улут түзөт. Демек, ошол улуттун тарыхына, маданиятына, каада-салтына жараша калыптанган ички түшүнүк жашайт. Кыргыз элинде эзелтеден «Кызга кырк үйдөн тыюу» деген сөз айтылып келет. Мунун мааниси кыздарды кечке эле тыйып, ага таптакыр күн көргөзбөө дегендик эмес. Ал кызга татыктуу тарбия берип, ар кандай тескери жолдорго түшүп кетүүсүнөн коргоп, жаркын келечек куруп берүү дегенди түшүндүрөт. Анан дагы «Аял - үйдүн куту» деп айтылат. Кыргызда аял киши үй-бүлөнүн ички тирилиги менен алек болуп, уул-кыздарына тарбия берүүдө чоң роль ойногон. Бүгүн да ошондой. Эркек киши аял кишинин да кеп-кеңешин угуп, кабыргасы менен кеңешкен.


Аял – бул адам баласынын тукумун улоочу. Аял – бул эне, сүйүктүү жар, эркелеген кыз, эже-карындаштар. Кыргыз эли эч качан аялзатын кор тутпаган. Сырттан келген душмандардан, ички кастардан да коргогон. Кыргыз кыздары эч качан «Мен төрөбөйм», «мен күйөөгө чыкпайм», «Менин жатыным, өзүмдүн ишим» деп айткан эмес. Көчөгө чыккан эмес. Мунун баары биздин каада-салтка, маданиятка каршы келет.


Кыргыздын эркектери, жигиттери ат жалында ойногон, шамдагай, эр жүрөк баатыр болушкан. Эркек менен эркек, аял менен аял баш кошот деген көрүнүш да, түшүнүк да болгон эмес. Азыр болсо феминисттердин акцияларында гей-лесбиянкалардын укугун коргоп жатышканы, эркек менен эркек үйлөнүшүн, аял менен аял үйлөнүшүн мыйзамдаштыралы деген сыяктуу аракеттерди бизге таңуулоонун кереги жок. Андай адамдардын баш кошууларына эч ким каршы болбойт, болгону унчукпай эле, эч кимге айтпастан баш кошо беришкени туура болот.


Макаланын башында феминисттер маршы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өтүп келгенин жана өтө берерин айттык. Ал мамлекеттерде чындыгында эле аялдардын зордук-зомбулукка кабылган учурларын айтып, укуктарын коргошот. Ал эми бизде аялдардын укугун коргойбуз деген тема менен чыгышат дагы, радикалдык кадамдарды жасап жатышканын көрүп жатабыз.


Мисалы, мындан 4-5 жыл мурун бейөкмөт уюмдарынын бири аптанын жума күнү, жума намазынан кийин борбор калаабыздагы кинотеатрлардын биринде «Мен мусулман, мен гей» деген кинону коюу аракетин көргөн. Дагы бир жолу кафелердин биринде мектеп окуучуларына 100 сомдон, чоң кишилерге 150 сомдон билет сатып «Жатындын монологу» деген спектакль коюшкан болчу. Ушул аракеттерди аялдардын укугун коргоо деп түшүнөлүбү?


Демек, Кыргызстанга келген феминизм радикалдашкан феминизм болуп жатканын аргасыз айтууга туура келет. Албетте, зордук-зомбулукка кабылган аялдардын укугун коргойлу, ага баарыбыз тикебизден тик турабыз. Бирок, аялдардын укугун коргойбуз деген тема менен гей-лесбиянкалардын жоруктарын мыйзамдаштыруу, «төрөбөйм» дегендерди көбөйтүү, «жатынымды өзүм билем» дегендерди, «чай куйбайм» дегендерди көбөйтүп, үй-бүлөлөрдүн бузулушуна алып барчу жол чапкандарды колдоо чекилик болуп калар.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн