Фергана каналына чөккөн жарандын денеси Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
8 август күнү Араван району, Ленин айылындагы Фергана каналына (1991-ж.т. С.Д.) аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине КР ӨКМнен 19 куткаруучу тартылган, ошондой эле жогору аталган жаран Өзбек Республикасынын аймагына агып кетүүгө шектелип, Андижан облусунун Мархамат районунан 4 куткаруучу тартылып, 9 август күну Өзбекистан Республикасынын куткаруучулар тарабынан маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн