Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Ферганада Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын өкүлдөрү жолугушат

14.04.2021 12:16
905
Ферганада Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын өкүлдөрү жолугушат



Фергана шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын өкүлдөрүнүн үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Фергана облусунун хокиминин кеңешчиси, басма сөз кызматынын жетекчиси Дилмурод Жумабоев билдирди.


Үстүбүздөгү жылы 22-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев башында турган Кыргызстандын расмий жактары жана ишкерлер чөйрөсүнүн делегациясы жана Согди облусунун башчысы Раджаббоя Ахмодзода башында турган Тажикстандын делегациясы Ферганага барат.


23-апрелде Ферганада Баткен, Фергана жана Согди облустарынын ишкерлер чөйрөсүнүн катышуусунда “Чек арага жакын аймактарды интеграциялоо – өнүгүүнүн кепилдиги” аталышындагы үч тараптуу бизнес-форум өтөт, анын алкагында өнөр жай жана айыл чарба жаатында кызматташуу маселесине арналган пленардык жыйын өткөрүлүп, B2B жана G2B форматтарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аянтча уюштурулат.


Иш сапардын программасынын алкагында үч облустун башчыларынын жолугушуусу каралган.


Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү облустун ири өнөр жай жана айыл чарба ишканалары менен таанышып, Фергана облусунун өндүрүүчүлөрүнүн азык-түлүк көргөзмөсүнө барышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн