Бир ай мурда өтпөй калган "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлуп, колдоо тапты.
Демилгечи депутаттар Айнура Осмонова менен Гүлшат Асылбаева кайра добушка коюуну сунуштаган. Ошол учурда депутат Аккулу Бердиев мурда жаңылып добуш берип алганын айтып, ал да кайра добушка коюуну суранды.
Бирок Дастан Бекешев муну менен регламент бузулуп жатканын айтып чыкты.
Бирок анын сунушу колдоо тапкан жок. Натыйжада добушка коюлуп, 97 депутат макул, бешөө каршы болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн