Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Фуралар 7 км'ге созулган. Ишкерлер бийликтен абалды жөнгө салуу чараларын көрүүнү суранды

24.08.2023 14:14
307
Фуралар 7 км'ге созулган. Ишкерлер бийликтен абалды жөнгө салуу чараларын көрүүнү суранды


Агроөнөр жай комплексинин ассоциациясы коомчулукту кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын токтоп турган абалына көңүл бурууга чакырып, өлкө жетекчилигинен аны жөнгө салуу чараларын көрүүнү суранат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана Евразиялык экономикалык биримдиктеги өнөктөш мамлекеттерге ачык кайрылууда айтылат. 


Казакстан өз аймагына кирүүнү токтотуп, Кыргызстандан жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө чектөө киргизди.


«Тилекке каршы, чындыгында, биз жыл сайын ушундай көрүнүштү байкап келебиз, анын кесепетинен Кыргыз Республикасынын дыйкандары жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү ири материалдык жана моралдык чыгымга учурап жатышат», - деп айтылат кайрылууда.


Ассоциация Кыргызстан менен Казакстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө экенин эскертет. Бул бирикме бажы декларациясын жана мамлекеттик көзөмөлдү колдонбостон, биримдикке мүчө мамлекеттердин аймактарынын ортосунда товарларды эркин алып өтүүнү камтыйт.


«Бирок коңшу республика тараптан биз кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыгына зыян келтирип, белгиленген принциптерди бузууну байкап жатабыз. Учурдагы жагдай олуттуу тынчсызданууну пайда кылып, натыйжалуу чаралардын комплексин кабыл алууну талап кылат. Кырдаалдын узак мөөнөттүү келечекте чечилишин издөөдө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын ыкчам аракети дагы маанилүү. Биздин өнөктөштөрдүн аракеттери Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өз ара аракеттенүү жана кызматташуу принциптеринин контекстинде белгилүү суроолорду жаратууда. Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары бул жагдайды ЕЭКтин компетенттүү органы тарабынан кароодо ыкчам жана жигердүү позицияны кармануусу жана биримдиктин мүчөсүнүн иш-аракеттерине белгиленген жол-жоболор менен нормалардын чегинде тиешелүү объективдүү баасын алуусу зарыл», — деди агроөнөр жай комплексинин бирикмесинин башчысы Рустам Балтабаев.


Эске салсак, кыргыз-казак чек арасындагы абал оор бойдон калууда. Бул жерде 500гө жакын жүк ташуучу унаалар, анын ичинде тез бузулуучу продукциялар да топтолгон. КР Чек ара кызматы мекеме чектөө киргизбегенин жана өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын билдирүүдө. Казакстандын бийлиги көзөмөл өткөрүү пунктунда да эч кандай чектөө чараларын киргизбегенин айтууда. Анан баңгизатка каршы операция жарыялашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн