Аяк оона 08, 2025
Убакыт: 16:21
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.065
1.095

Футбол: Кыргызстандын курамасы Палестинаны жеңди

04.09.2025 10:41
85
Футбол: Кыргызстандын курамасы Палестинаны жеңди


Кечээ, 3-сентябрь күнү Бишкекте өткөн футбол беттешинде Кыргызстандын 23 жашка чейинки курама командасы Палестинанын курамасын жеңип алды. Бул оюн 2026-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында өттү.


Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюнда эсеп экинчи таймда ачылды. 81-мүнөттө Кими Мерк пенальтиден гол киргизип, Кыргызстанды алдыга чыгарды. Бирок кошумча убакыттын 4-мүнөтүндө Палестина эсепти теңеди. Ошентсе да, 90+5-мүнөттө ошол эле Кими Мерк экинчи голун киргизип, командага 2:1 эсебинде жеңиш алып келди.


Эске сала кетсек, 2026-жылкы Азия кубогунун тандоо оюндарына 11 тайпага бөлүнгөн 44 команда катышууда. Кыргызстандын курама командасы "Е" тайпасында Палестина, Өзбекстан жана Шри-Ланка менен ойнойт.


Башкы машыктыруучу Эдмар Ласерда. Кийинки оюн 6-сентябрда Өзбекстан курама командасы менен болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн