Азия футбол конфедерациясы (АФК) футзал боюнча континеттин 2020-жылдагы чемпиондугун өткөрүү мөөнөтүн жылдырды.
Мелдеш үстүбүздөгү жылдын фераль айында Түркмөнстанда өтмөк, бирок коронавирус илдетине байланыштуу белгисиз убакытка жылдырылган болчу.
АФКнын чечими менен мелдеш 5-16-авгут аралыгында өтөт.
Бул Азия чемпиондугу Литвада өтүүчү дүйнө чемпиондугуна тандоо туру болуп саналат.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын курамасы турнирге даярдык катары февралда окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн