Тогуздун айы 23, 2024
Убакыт: 02:43
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Галина Скрипкина Минскте эмне “косяк” кылып жүрөт?

01.04.2021 14:28
3443
Галина Скрипкина Минскте эмне “косяк” кылып жүрөт?


Буга чейин Евразиялык экономикалык союздун сотунун Кыргызстандын атынан судьясы болуп отурган Галина Скрипкинага бир нече суроо менен сайтыбыз аркылуу расмий кайрылганбыз. Анда биз Галина айымга Ленин райондук сотунда судья болуп иштеп туруп, кайсы бир кылмыш ишине айыпталуучуга айып пул салуу тууралуу чечим чыгарганын эскертип, айып пулду өзүңүздүн чөнтөгүңүзгө салып койгон белеңиз деп сураганбыз. Ошондой эле бул окуядан кийин кызматтан кетип, өмүр таржымалына Ленин райондук сотундагы иштеген жылдарды алып салганына эмне себеп болгонуна кызыкканбыз. Азырынча жооп боло элек.


Бул айым тууралуу бир топ маалыматтар келип түшүп жатат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Скрипкина кыска аралыкта бир нече жардамчы алмаштырыптыр. Ошол жардамчыларынын бири Кыргызстандын Беларусиядагы элчилигине арыз менен кайрылып, ага карата чара көрүп берүүсүн суранган экен. Биздин аталган элчилик менен болгон байланышыбыздан натыйжа чыккан жок. Элчибиз бул боюнча биз менен байланышып, маалыматтын чын бышыгын ачыкка чыгарат деп үмүт кылабыз. Ал эми Галина айымды суроолорубуза жооп берүүсүн, же атайын билдирүү жасоосун сунуштайт элек. Абройлуу уюмдун абройлуу кызматында Кыргызстандын атынан иштеп, айлык алып жаткан адамдын артынан мындай сөздөр ээрчибеши керек да.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гульмира Джолдошева
Кыргызстандын атынан ушундай жооптуу, олуттуу орундарга озубуздун титулдук калктан тажрыйбалуу, акылдуу, жаш, доктор юридических наук болгон адистерди жибериш керек! Качан эле орус калкы кыргыздын тагдырына кайгырып койду эле? Пенсияга чыгарып коюш керек, жаштарга орун бериш керек!