Тогуздун айы 23, 2024
Убакыт: 02:45
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Галина Скрипкинанын райондук сотто судьялыгын жашырганы ачыкталды. Эми эмне болот?

05.04.2021 10:34
3240
Галина Скрипкинанын райондук сотто судьялыгын жашырганы ачыкталды. Эми эмне болот?


Буга чейин биздин сайтта учурда Евразиялык экономикалык союздун сотунун Кыргызстандын атынан судьясы болуп отурган Галина Скрипкинанын өмүр таржымалында Ленин райондук сотунун судьясы болуп иштегени көрсөтүлбөй калганы тууралуу макала суроо иретинде жазылды эле. Ырасында эле расмий маалыматтарда Галина айым Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге чейин Бишкек шаарында түрдүү ишканаларда, уюмдарда юристконсульт  кызматтарын аркалаганын көрсөтүп, бирок Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья болуп иштегенин көрсөтпөй койгон.


Өткөндөгү макалабызда Скрипкина Ленин райондук сотунун судьясы болуп иштеп туруп, бир кылмыш ишин карап, андагы айыпталуучуну айып пулга жыккан чечим чыгарганын жазганбыз. Бирок, ошол акчаны ал мамлекеттин казынасына түшүрбөй эле, өз чөнтөгүнө буруп койгону тууралуу да кепти өз оозунан угуу максатында собол салганбыз. Ошондон улам, ал судьялык кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткен эмес беле деген суроону узаткан элек.


Бирок, бүгүнкү күнгө чейин Галина айым тараптан бир ооз жооп болгон жок. Эгерде ал судья болуп иштеген болсо, анда эмнеге аны жашырат? Же өмүр баянына киргизбей койгонунун сыры эмнеде эле? Мына ушул суроого өз оозу менен жооп кылып койгону туура болмок.


Ал өзү жооп бергиси келбегени менен, биздин редакцияга Галина Анатольневнанын эмгек жолуна байланышкан документтин көчүрмөсү келип түштү. Анда анын 1982-жылы Ленин райондук сотунун судьялык кызматына шайланганы, кайра 1986-жылы мөөнөтүнөн мурда аркага чакыртылып алынганы көрсөтүлүп турат. Демек, анын бул кызматты аркалаганы анык. Бирок, эмне себептен мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткенинин сыры табышмак. Балким, чындап эле айып пулду өз чөнтөгүнө буруп койгону үчүн эмеспи?


Акыйкат жана адилеттүү сот системасы курулуш үчүн, ар бир соттун өмүр таржымалы ачык болушу керек. Өзгөчө Кыргызстандын атынан абройлуу эл аралык союзда судья болуп отургандардын басып өткөн жолдору шек жаратпашы абзел. Андыктан Галина айым өзүнүн өмүр баянынан алынып салынган жагдайы тууралуу элге эртерээк түшүндүрмө берип койгону туура болот го. Эгер ал өзү бир кездеги ишмердүүлүгүн жашырганын мойнуна алса, анын Евразиялык экономикалык союзунун судьялыгын аркалашы юридикалык жактан, моралдык жактан дагы туура болбой калбайбы? 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Гульмира Джолдошева
Кыргызстандын атынан Эл аралык союзундагы судья болуу бул ото жооптуу, эн чон ишенимдуу, олуттуу, тажрыйбалуу кызмат! Г.Скрипкина озунун омур баянында таза эмес иштери боюнча судьялык кызматтан четтетилсе, анда кандайча макулдугун берди? Кыныр иш 40- жылда билинет! Тез арада бул абройлуу кызматтан четтетиш керек, болбосо Кыргызстанды уят кылат!
Гульмира Жолдошева
Кыргызстандын атынан Эл аралык союзунда судья болуу бул эн чон ишенимдуу, олуттуу, тажрыйбалуу , омур баяны таза жана терс иштерге малынбаган адам болуш керек ! Скрипкинанын таза эмес омур баяны менен ушул орунга макулдугун берилиши абдан окундурот. Документтерин текшербей жибергендерди жоопко тартыш керек! Кыргызстандын аброюна шек келтирген жаранадарды койбош керек деп Оз обиду билдиргим келди! Галина Скрипкинаны тез арада кайра чакыртуу абзел!