Ички иштер министринин үч орун басарына генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу АКИpress агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди
Маалыматка ылайык, Бийбосунов Адылбек Качкынбекович, Аширходжаев Эркебек Жумабекович жана Ниязбеков Сүйүнбек Ниязбековичке наам ыйгарылган.
Бийбосунов Ички иштер министрлигинин башчысынын биринчи орун басары, Аширходжаев тергөө иштерин, ал эми Ниязбеков санариптештирүү маселелерин жетектейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн