Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Германиянын президентинин Кыргызстанга болгон расмий сапары учурунда 2 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

20.06.2023 13:51
259
Германиянын президентинин Кыргызстанга болгон расмий сапары учурунда 2 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт


Ички иштер министрлиги 2023-жылдын 21-23-июнунда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапары учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Ички иштер министрлиги иш сапар учурунда мыйзамдуулукту жана укук тартибин тийиштүү деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатат.

"Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти талаптагыдай камсыздоо максатында ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ага ылайык 2 миң милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылат. Расмий иш-чаралар учурунда милиция коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздайт. Ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чаралар учурунда жолдун айрым тилкелеринде унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.

ИИМ ушуга байланыштуу жарандардан көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн