Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 01:49
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.045
1.090

Германиянын "Айнтрахт" клубу Европа лигасынын жеңүүчүсү аталды

19.05.2022 10:39
1316
Германиянын "Айнтрахт" клубу Европа лигасынын жеңүүчүсү аталды

18-майда Севилья шаарындагы "Рамон Санчес-Писхуан" стадионунда Европа лигасынын финалдык беттеши өттү.


Финалда германиялык "Айнтрахт Франкфурт" жана Шотландиянын "Рейнжерс" клубу беттешти.


Оюндун негизги убактысы 1:1 эсеби менен жыйынтыкталып, кошумча берилген 30 мүнөттө да гол жаралган жок.

Оюндан кийинки пенальти сериясында "Айнтрахт" 5:4 эсебинде атаандашын клубун жеңип Европа Лигасынын чемпиону аталды.


Европа Лигасынын чемпиону болгон "Айнтрахт" Чемпиондор лигасынын кийинки сезонуна катышуу үчүн түздөн-түз жолдомо алды.


Эми 10-августта Европа Суперкубогу үчүн германиялык команда Чемпиондор лигасында финалга чыккан "Реал Мадрид" же "Ливерпуль" менен кездешет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн