Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Грузияда жер көчкү курортту каптап, 17 адам көз жумду (видео)

07.08.2023 13:36
1639
Грузияда жер көчкү курортту каптап, 17 адам көз жумду (видео)


Грузиядагы тоолуу курорттордогу жер көчкүдөн кийин 17 адамдын сөөгү табылды, дайынсыз жоголгондордун арасында балдар да бар. Аймакта куткаруу иштери уланууда.


Грузиянын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдарды башкаруу кызматынын башчысы Темур Мгебришвили 5-август күнү кечинде каза болгондордун сөөгү жер көчкү талкаланган коттедждердин сыныктары табылган аймактан куткаруучулар тарабынан табылганын билдирди.


3-августтагы жаратылыш кырсыгынан көз жумгандардын саны 17 кишиге жетти. Дайынсыз болуп жаткан 18 адамды издеп жатышат. Көпүрөлөр талкаланып, Шовиге кирген жолдор бузулган. Кырсык болгондон тарта куткаруучулар 210 адамды эвакуациялады.


Адистер аталган курортту 5 миллион метр куб көлөмүндөгү катуу масса басып калганын айтышты. Шови курорту Они районунда деңиз деңгээлинен 1,5 метр бийиктикте жайгашкан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн