Жоолукка каршы болуу бул - Аллахка каршы чыгуу. Мындай пикирин ырчы Гүлнур Асанова жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде билдирген.
Ал азыркы учурда мектептерде окуучу кыздардын жоолук салынып келишине каршы чыккан мугалимдер деле мусулман экенин айткан.
"Ошол каршы чыгып жаткандардын көпчүлүгү мусулман. Мамлекетибиз светтик деген менен өлкөдө көпчүлүк мусулмандар. Мыйзам боюнча деле буга тыюу сала албайт. Жоолук салынуу аял кишиге парз. Жоолукка кашы чыгуу - бул Аллахка каршы чыгуу. Карышлык көрсөткөндөр деле жакыны каза болуп жатса, молдолорду чакырып жаназага катышып жатпайбы?",- деди Асанова
Пикирлер (1)