Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 08:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.045
1.090

Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды

26.10.2021 10:08
788
Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды

Гүлзат Мамытбек деген каймана ат менен таанымал  Гүлзат Алымкулова алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги билдирди.


Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалыматты тастыктады. Милиция билдиргендей, буга чейин Мамытбекти алдамчылыкка айыптаган 7 жаран укук коргоо органдарына кайрылган. Алардын айтымында, ал «кыска убакытта чоң киреше»  убада кылган, бирок ишенчээк жарандардан акча алган блогер убадасын аткарбай, жашынып кеткен. Келтирилген зыяндын суммасы 110 миң сомдон ашкан.


25-октябрда чет өлкөдө жүргөн Гүлзат Мамытбек Кыргызстанга кайтып келген. Ал биринчи Май райондук милициясы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн