Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Хабиб: “Эгерде UFC мага беттеш кайсыл жерде өтөрүн айтса, мен Фергюсон менен кез келгенге даярмын”

03.04.2020 14:40
689
Хабиб: “Эгерде UFC мага беттеш кайсыл жерде өтөрүн айтса, мен Фергюсон менен кез келгенге даярмын”


Мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюму беттеш өтчү жайды айтса, Тони Фергюсон менен кез келүүгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


“Күн сайын эртең менен кечинде, үйүмдөгү спорт залымда машыгып жатам. Учурда UFCнин жеңилбеген жана эч ким тең келе албаган жылдызы менмин. Бул катардагы эле беттеш эмес. Бирок ага 16 күн калды, мен кайсыл жерде болорун да билбейм. Бул кесипкөйлүккө жатпайт. Тони Фергюсон дагы буга чейин, турнир кайсыл жерде өтөөрүн билбесе келишим түзбөй турганын айткан. Бирок ага эч ким мынчалык көңүл бурган эмес.


Мен климатына көнүү үчүн, учуп барганга, машыгуулар канчада бүтөөрүн жана башка нерселерди билүү үчүн, беттеш кайсыл жерде өтөөрүн билишим керек. Эгер мага UFC азыр беттештин болотурган жерин айтса жана мен Россиядан учуп кете алсам, мен мушташканга даярмын.  100 пайызга. Мага болгону орунду айткыла. Мен күн сайын муну Дэйне Уайтка айтып келдим, ал эч нерсеге жооп берген эмес”, - деген Хабиб.


Эске салсак, Нурмагомедов менен Фергюсондун беттешин 18-апрелде өткөрүү белгиленген болчу. Бул жолу мелдеш бешинчи ирет үзгүлтүккө учуроо алдында турат. Буга чейин эки мушкердин кез келүүсү спортчулардын ден-соолугуна байланыштуу 4 жолу болбой калган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн