Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:53
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Хиджаб артка кайтуу, караңгылыкпы?

02.02.2021 08:42
680
Хиджаб артка кайтуу, караңгылыкпы?

Бул аял Халима Якуб, Сингапурдун Президенти. Өлкөнүн бир жылдык кирешеси 300 млрд $ түзөт. Калкынын саны 6 млн. Сингапурдун паспорту дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттордун катарында турат. Бир жылдык кирешеси жан башына бөлгөндө  85 миң $ туура келет.


Ал бийликке келгенде өкмөт мүчөлөрүн топтоп туруп мындай “Менин ысымым Халима Якуб. Алланын алсыз бир пендесимин. Алладан корком. Ким мени менен Сингапур элинин кызыкчылыгы үчүн иштегиси келсе мен анын Алла жолундагы карындашымын. Менин максатым - Сингапур калкынын жашоо деңгээлин көтөрүү. Мени башка нерсе кызыктырбайт" деген.


Ал ишке ашырган ийгиликтер:


1. Сингапурдун кирешеси 2 триллион $ ашты;


2. Өлкө жарандарынын жылдык кирешеси 85 миң долларды түздү;


3. Сингапур паспорту дүйнөдөгү эң кымбат паспорт болуп эсептелет;


4. Жумушсуздук араң 1% түзөт;


5. Он миңге жакын ири ишканаларды ачты;


6. Кылмыштуулук кескин азайды;


7. Өндүрүш ишканалары салыктан бошотулду.


Халима айым ар күнү өзүнүн аял жардамчылары менен борбордогу мечитте аялдар үчүн ажыратылган атайын бөлмөдө багымдат намазын окуйт. Намаздан соң жарандардын көйгөйүн угат.


Хижаб эч кандай артка кайтуу же караңгылык эмес. Халима Якуб ушунча ийгиликтерге карабай жөнөкөйлүктөн жазган жок.


 Ушундай аялдарга сый-урмат болсун!


Каттабек Шамшиев


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн