Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:31
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Хирург Мамбет Мамакеев «Манас» ордени менен сыйланды

02.04.2021 15:07
1264
Хирург Мамбет Мамакеев «Манас» ордени менен сыйланды


Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамбет Мамакеев II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Мамлекеттик сыйлыкты 2-апрелде президент Садыр Жапаров өзгөчөлөнгөн инсандарга сыйлык тапшыруу аземинде тапшырды.


Мамлекеттик сыйлыктар жалпы 125 адамга берилди. Алардын арасында саламаттыкты сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү бар.


Медицина илимдеринин доктору Мамакеев дүйнөдө эң узак иштеген хирург катары Гиннестин рекорддор китебине катталган.


Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган 2020-жылдын 31-августунда — Эгемендик күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Бирок пандемия жана андан кийинки саясий себептерден улам сыйлыкты ээлерине салтанаттуу тапшыруу мөөнөтү кечигип келген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мирбек Айтматов
Нобельге коргозушубуз керек мындай врач чанда гана кездешет ден соолук тилейбиз