Латвия 2021-жылы хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунун жалгыз кожоюну болот. Бул тууралуу шейшемби күнү Эл аралык шайба хоккей федерациясынын (IIHF) басма сөз кызматы жыйындын жыйынтыгы боюнча билдирди.
Чемпионаттын бардык беттештери Рига шаарында өтөт. Алгач Минск Латвиянын борбору менен катар турнир өткөрүшү керек болчу, бирок 18-январда IIHF Кеңеши Беларуссиянын борборунан беттештерди кийинкиге калтыруу чечимин кабыл алган.
Чемпионатты өткөрүү үчүн Словакия жана Дания ат салышкан. IIHF Кеңеши чечимди Латвиянын пайдасына чечкен
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн