Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

ИИМ Интерполдо издөөдө жүргөн 45 адамды кармаган

03.03.2022 10:23
444
ИИМ Интерполдо издөөдө жүргөн 45 адамды кармаган

 2021-жылы Интерпол эл аралык издөөдө жүргөн 45 адамды кармаган. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун өтүнүч талабы менен 2017-жылдан бери издөөдө жүрүшкөн Кыргызстандын эки жараны атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде Польшада кармалды. Биринчиси, Сириядагы куралдуу кагылышууларга катышкан жана экинчиси Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мекемелеринен качып жүргөн.


2021-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол УББнын кызматкерлери тарабынан, эл аралык издөөдө жүргөн 45 адам кармалган, анын ичинен 14 адам чет өлкөлөрдө, 31адам Кыргызстанда болгон.


Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагынан Интерпол багытында издөө иштери жүргүзүлүп уурдалган 10 унаа табылган, ошондой эле, 6 жараксыз айдоочулук күбөлүк жана 1 жасалма паспорт аныкталган.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Интерполго мүчө 195 өлкөнүн ичинен 50 мамлекет менен үзгүлтүксүз кызматташып келет. 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн