Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 21:25
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

ИИМ Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөөдө

29.06.2023 11:17
316
ИИМ Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөөдө


Ички ишер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоодо. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин буйругунун талаптарын аткаруу максатында Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу, ошондой эс алууга келген меймандардын коопсуздугун камсыздоо менен кайгуулдоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Андан тышкары, кызматка чыгып жаткан кызматкерлерге командирлер тарабынан ар бир күнү мыйзамдуулукту бекем сактоо, жарандарга сылык, маданияттуу мамиле кылуу жана кесиптик этиканын нормаларын сактоо боюнча нускамалар ѳткѳрүүлүдѳ.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн