Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

ИИМ Кыргызстан боюнча рейд өткөрүүнү баштады

16.02.2022 09:34
669
ИИМ Кыргызстан боюнча рейд өткөрүүнү баштады

 Республика боюнча “Ууру” ыкчам алдын алуу иш-чарасы башталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

 

2022-жылдын 15-февралынан баштап ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын демилгеси менен республиканын бардык аймагында “Ууру” комплекстүү ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул иш-чарага тартылган ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттары толук эсептелип чыккан. 


 Рейддик иш-чаранын максаты кылмыштарды алдын алуу, криминогендик абалды жакшыртуу, уурулук менен алектенген кылмыштуу топторду аныктоо жана бөгөт коюу. Андан сырткары, уурдалган мүлктөрдү сатуу менен алектенгендерди аныктоо иштери жүргүзүлөт.

 

 Жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын башкы тапшырмаларынын бири өздүк мүлккө кылмыштуу кол салуудан коргоонун ыкмалары жана жолдору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Рейддик иш-чара бир нече күн өтөт. Сүрөттөрдө Бишкек шаарында жана региондордо өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаранын жүрүшү чагылдырылды.

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн