Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 23:49
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

ИИМ: Кыз ала качуу боюнча 187 фактынын ичинен сегизи гана сотко жеткен

19.10.2021 11:51
997
ИИМ: Кыз ала качуу боюнча 187 фактынын ичинен сегизи гана сотко жеткен


Кыргызстанда жыл башынан бери милиция кыздарды ала качуу боюнча 187 фактыны каттоого алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ИИМдин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев билдирди.


«Катталган фактылардын ичинен сегиз кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилген. Алар боюнча 14 жаран айыпталууда. 177 факты боюнча тергөө кылмыш курамынын жоктугунан токтотулган. Эки факты боюнча иликтөө уланып жатат», - деди ал.


Жыл башынан бери милиция жашы жете электерди никеге турууга мажбурлоо боюнча 19 фактыны да каттады.


«Анын ичинен 17 иш кылмыш курамынын жоктугу үчүн иликтенген. Учурда дагы эки факты иликтенүүдө», - деди тергөөчү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн