Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:54
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

ИИМ: Ошто бейбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

12.12.2023 14:41
434
ИИМ: Ошто бейбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 29-ноябрь күнү  кечинде Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде бир жаран бейбаштыктан улам жергиликтүү тургунду сабап салганы тууралуу маалымат алынган. Бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгында катталган. Топтолгон материалдардын негизинде  Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык)  боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн криминалдык чөйрөдө туруктуу байланыштары жана кадыр-баркы бар экендиги аныкталган.

Милиция  кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам иштердин жүрүшүндө Ош шаарынан 1995-жылы туулган А.Т. кармалган. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн