Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМ бүгүн суракка чакырылып, үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жаткан саясатчы, активисттер тууралуу маалымат берди

23.10.2022 15:23
436
ИИМ бүгүн суракка чакырылып, үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жаткан саясатчы, активисттер тууралуу маалымат берди

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн