Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ИИМ кызматкерлери окуучуларга баңгизаттын кесепеттерин айтып берди (видео)

04.02.2022 16:08
961
ИИМ кызматкерлери окуучуларга баңгизаттын кесепеттерин айтып берди (видео)

Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына баңги жана психотроптук каражаттарды колдонуунун терс кесепеттери жөнүндө эскертишти. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Свердлов районунун ИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын №38 мектебинин окуучулары үчүн алдын алуу боюнча маек өткөрүштү.

 

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери милициянын подполковниги Чолпон Табалдиева окуучуларга кызматтын негизги ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти.

 Мындан тышкары, балдарга психоактивдүү заттарды колдонуунун медициналык, социалдык жана укуктук кесепеттери тууралуу маалымат берилди.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн каралган жоопкерчиликтер жөнүндө атайын даярдалып тартылган социалдык жана алдын алуу мүнөздөгү видеотасманы көрсөтүштү.


 Иш-чаранын соңунда окуучуларга алдыга койгон максаттарына ишенимдүү кадам таштоо, өздөрүн өркүндөтүү, сергек жашоо мүнөзүн кармануу тууралуу каалоо-тилектер айтылды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн