Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанатту иш-чара болуп өттү

07.03.2022 15:24
435
ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар  күнүнө арналган салтанатту иш-чара болуп өттү


Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгында Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы. 


Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарында жайгашкан Ички аскерлердин командачылыгынын жана аскер бөлүктөрүнүн аскер айымдары катышты. Айымдарды куттуктоо иш-чарасы куттуктоо слайды менен башталды.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысынын милдетин убактылуу аткаруучу полковник Дамир Алыбаев аскер айымдарын келе жаткан майрамы менен куттуктады. «Ата-Мекенди коргоочу кесип эбак эле эркектерге гана эмес, аялзатына да таандык болуп калган десем жаңылышпаймын. Ички аскерлердин аскер айымдары да мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошуп келишүүдө. Аялзаты ар дайым тырышчаактык жана жоопкерчилик менен айырмалып келет. Сиздер өз милдеттериңизге абийирдүү мамиле жасоо менен, аскер кызматында  ээлеген ордуңуздар эбегейсиз мааниге ээ», - деди өз сөзүндө полковник Дамир Алыбаев.


Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Ички иштер министринин жана Ички аскерлердин колбашчысынын буйругу менен бир катар аскер айымдары медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.


Белгилей кетсек, Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чаралар ИИМдин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө өткөрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн