Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында майрамдык концерт менен коштолгон иш-чара болуп өттү

22.02.2022 14:42
660
ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында майрамдык концерт менен коштолгон иш-чара болуп өттү


Бүгүн, 22-февралда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында, Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысынын МУА полковник Дамир Алыбаев, Ички аскерлердин аскер кызматкерлери, ардагерлери жана  чакырылган меймандар катышышты.


Ички аскерлердин колбашчысынын МУА полковник Дамир Алыбаев салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын  куттуктап өттү. 


“Учурда Ички аскерлердеги жаңы муун, арадагерлерибиздин даңктуу жолун улантуу жана алардын калтырган осуяты менен кызматын аткарып  келишет. Алар өзүлөрүнүн кайраттулугун, кыраакылыгын жана Аскердик антка бекемдигин далилдөө менен мамлекетибиздин коопсуздугунун сакчылыгында кызмат өтөп келүүдө”, – деди өз сөзүндө полковник Д. Алыбаев.


Ошондой эле Ички аскерлердин ардагерлери жана меймандар да жалпы катышуучуларды куттукташты.


Салатанаттуу иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМДин Ички аскерлеринин бир топ аскер кызматкерлери грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.


Иш-чаранын соңунда, көрүүчүлөргө Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик  маданият жана искусство университетинин чыгармачылык тобу тарабынан даярдалган  майрамдык концерт тартууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн