Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 21:04
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

ИИМдин Күзөт кызматы жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды

07.07.2023 22:03
558
ИИМдин Күзөт кызматы жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды


Ыкчам кеңешмеге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Ралис Касанов, Ведомстволук милиция полкунун командири милициянын полковниги Талант Раимбеков, орун басарлары жана батальондун жетекчилик курамы катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Ыкчам кеңешмеде Ведомстволук милиция полкунун 2023-жылдын 6 айынын аткарган уюуштуруу-башкаруу, кызмат, кадр жана каржы-чарба ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, анын ичинде “Санарип күзөт” программасын ишке ашыруу тапшырмасынын аткарылышы каралды. 


Ыкчам кеңешмеде Каныбек Абдырахманов өздүк курамдын кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртууну талап кылды. 


Ошондой эле, стратегиялык объектилерди, жарандардын мүлктөрүн ишенимдүү кайтаруу, кайтарууга турган мекеме-чарбалардын санын көбөйтүү боюнча тапшырмаларын койду.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн