Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМдин кызматкеринин сөөгү инкассатор унаасынан табылды

16.05.2023 10:56
361
ИИМдин кызматкеринин сөөгү инкассатор унаасынан табылды



Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкери өзүнө ок атып каза болду. Окуя 15-майда катталган. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.


Маркум — 24 жаштагы А.С. 2020-жылдан бери Күзөт кызматында эмгектенип жаткан. Учурда ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан өлүмдүн себептерин тактоо боюнча кызматтык иликтөө башталды. 


Айрым маалыматтарга караганда, А.С.нын жансыз денеси кызматтык инкассатор унаасынан табылган. Ал кесиптештери менен бирге акча каражаттарын инкассациялоо үчүн объектке барган. Кесиптештери имаратка кирип кеткенде А.С. унаада калган. Ал Калашников автоматынан өзүнө ок чыгарган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн