Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ибраев: Кыргызстан - Орто Азиядагы каржы борборуна айланышы керек

07.06.2021 11:48
1320
Ибраев: Кыргызстан - Орто Азиядагы каржы борборуна айланышы керек

“Бактылуу жана бай Кыргызстан” стратегиялык программасынын алкагында финансы тармагында ири революциялык кадамдар жасалганы турат. Аны ишке ашырууда Улуттук банк тууралуу мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр бар. Бул багытта атайын тегерек стол жыйыны өтүп, аталган тармактагы адистердин, жалпы коомчулуктун пикирин угуу иш чаралары улантылууда. Негизги максат – “Кыргызстанды Орто Азиядагы финансы борбору”, - деп таануу. Мындай пикирин  депутат Саматбек Ибраев “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирген.


Орто Азиядагы финансылык борбор макамын алам, - деген позицияга талапкерленип жаткан мамлекеттер албетте, көп. Алардын бири коңшу Казакстан. Бирок, аракетти алдыга умтулууга арнасак, аталган вакансияда Кыргызстандын татыктуу орунду ээлеп алууга толук мүмкүнчүлүгү бар, - деди эл өкүлү.


Бийик максатты багындырууда Улуттук банкка негизги 5 тапшырма берилип жатат. Анын бири финансылык жогорку технологияларды өнүктүрүү болуп саналат. Андан тышкары, Улуттук банк кайрылуулар менен иштеген учурда анын жообу жумушчу 10 күн аралыгында кайтарылса, ал эми экинчи ирет кайрылуулар түшсө, анда анын жыйынтыгы 5 күн ичинде маалымдалышы зарыл деген талаптар бар, - деп маалымдады студиянын мейманы.


Жаңы финансылык технологиялар менен иштеген компаниялардын иштөөсү Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнөт. Уставдык капиталдар да ыраатка салынууда. Мыйзамдын мындай өзгөртүүлөрү бир топ сунуштар менен коштолууда, кеңири талкуу аркылуу гана так чечим чыгарылат, - деп айтат С.Ибраев.


Ошондой эле өкүлү, - Сингапур мамлекетиндеги финансылык реформаларда жасалган кадр саясаты боюнча да окулган китептердин мазмунун баяндап, тобокелчиликтерден коркпоо керектигин эске салды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн