Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ички иштер министрлиги эл аралык музейлер күнүн белгиледи

18.05.2022 16:16
1035
Ички иштер министрлиги эл аралык музейлер күнүн белгиледи

Ички иштер министрлиги эл аралык музейлер күнүн белгиледи. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Буга байланыштуу, Ички иштер министрлигинин Сагын Наматбаев атындагы Борбордук Музейдин түптөлүшү жөнүндө баяндай кетсек - 2004-жылдын 2-мартында ошол учурдагы ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын генерал-майору Токтожума Жээналиев демилгеси менен ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбеков колдоп Сагын Наматбаев атындагы Борбордук музейдин жаңы имараты курула баштаган. 

Музейдин курулушуна ички иштер органдарынын ардагерлери, өздүк курамы жана коомчулук чоң колдоо көрсөтүшкөн.

Аталган курулуш ИИМдин Курулуш монтаждоо башкармалыгынын жетекчиси М. Муратовдун тездетилген аракеттеринин натыйжасында кыска мөөнөттүн ичинде 1-ноябрь күнү Кыргыз милициясынын 80 жылдык кесиптик майрамына карата ишке киргизилген.

Музейдин бүгүнкү кайра жаралуу, көркөм жасалгалоо жана ар тараптан колдоодо Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жана Музейдин директору милициянын отставкадагы полковниги Султан Жоошбаевдин кошкон салымдары зор.

Музейдин директору Султан Жоошбаев – “Азыркы учурда Борбордук музейде ИИМге келген конокторго, окуучулар, милициянын жаш кызматкерлери үчүн атайын экскурциялар уюштурулуп турат, бул болсо жашы муундарды тарыхты билүүгө, адеп-ахалктык тарбия берүүгө өбөлгө түзөт” - деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бул майрам 1997-жылы Москва жана Ленинград шаарларында өткөн Эл аралык музейлер кеңешинин ((International Council of Museums - ICOM) 11-Генералдык конференциясынан тартып белгиленип келет.

1977-жылы музей коомчулугу өзгөчө датаны түзүүнү каалашып,Эл аралык музейлер күнү болуп калган. Резолюция 1977-жылында Эл аралык музей кеңешинин Жалпы Ассамблея жүрүшүндө, Москва шаарында кабыл алынган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн