Өзгөчө абал режими учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча иш-чараларга тартылган укук коргоо органдарынын, тиешелүү түзүмдөрдүн аскер кызматкерлеринин бардык тийиштүү компенсациялык төлөмдөрү төлөнөт.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда билдиргендей, бул боюнча тийиштүү мыйзам, өкмөттүн чечимдери бар.
“Биз аларды аткарабыз. Бул маселе боюнча көйгөй жок. Акча каражаты бар”, - деди өкмөт башчы.
Ал баса белгилегендей, пенсияларды, айлык акыларды, жөлөк пулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча маселе жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн