Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

«Илдеттин артынан бийлик акча кылууда» деген билдирүүлөр оорунун бар экенинен күмөн санатууда, - Жээнбеков

19.06.2020 15:11
1137
«Илдеттин артынан бийлик акча кылууда» деген билдирүүлөр оорунун бар экенинен күмөн санатууда, - Жээнбеков


Жарандарыбызды жоопкерчиликке чакырам. Айрым жарандарыбыз чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат, деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

«Бул илдет жок, бул — ойдон чыгарылган саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болууда. Бүгүн дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Ошондуктан дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары ар бир мекендешимди толук жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана өздөрү менен жакындарына кам көрүүгө чакырам», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент «бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн