Бугу 21, 2024
Убакыт: 12:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Илхам Алиев «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды

11.10.2022 16:04
359
Илхам Алиев «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Ал 1916-жылкы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине жана сталиндик репрессиянын курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коюп, ошондой эле кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасы ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Бакыт Төрөбаев катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн