Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 09:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Индия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык 10-жыйынын өткөрүү пландалууда

08.06.2021 16:03
1767
Индия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык 10-жыйынын өткөрүү пландалууда

Бүгүн, 8-июнда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димрини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташтыгы чѳйрѳсүндѳгү бир топ маселелерди, анын ичинде 2021-жылдын 16-июнунда Кыргызстан жана Индиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде ѳтүүчү 11-чи кыргыз-индия Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларын видео конференция форматында өткөрүүнү талкуулашты.


Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо жана кеңейтүүдѳ маанилүү инструмент болуп саналуучу Ѳкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын ушул жылы Кыргызстанда өткөрүү маселесине дагы көңүл бурушту.


Индиянын элчиси А.Димри А.Артыкбаевге жаңы кызматында ийгиликтерди каалоо менен кыргыз-индия мамилелерин кеңейтүүгө көмөктөшүү ниетине ыраазычылыгын билдирди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн