Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ирандан келген айдоочулардан коронавирус табылган жок

26.03.2020 15:57
717
Ирандан келген айдоочулардан коронавирус табылган жок


Ирандан Кыргызстанга жүк ташыган айдоочулардан коронавирус илдети табылган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.


Маалыматка ылайык, учурда айдоочулар 14 күндүк карантинде жатат.


“Ирандан келген айдоочулардан илдет табылган жок. Алар өзүлөрүн жакшы сезүүдө”, - деди Акматова

 

Эске салсак, Кыргызстандык 76 айдоочу коронавирус күчөп жаткан Иран өлкөсүнүн аймагынан чыга албай турганы кабарланган. Алар 25-мартта Казакстандан өлкө аймагына киргени айтылган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн