Алдамчылыкка шек саналып 18-сентябрда кармалган Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков камактан чыкты.
Маалым болгондой, Болотбеков эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган.
Болотбеков мурдагы депутат Руслан Чойбековдун ишинин алкагында кармалган. Чойбеков бир нече күн мурун депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алган деген арыздын негизинде кармалып, камакка алынган. Атайын кызматтын маалымдашынча Нарындын мэри бул иште чогуу катышкан. Ал Кылмыш кодексинин 204-беренеси (“Ири өлчөмдөгү алдамчылык “) менен шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн