Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал кызматтан кетишин акыркы окуяларга байланыштырган.
"Акыркы жагдайга карата моралдык жактан кызматымда калуу туура эмес",- деп билдирүү калтырган.
Болотбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурундагы коррупциялык иштерге тиешеси бар деп шектелүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн