Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:59
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ири көлөмдө баңгизат жүгүртүү менен алектенген жарандар аныкталды

24.05.2023 10:10
222
Ири көлөмдө баңгизат жүгүртүү менен алектенген жарандар аныкталды

 БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттарды таратуу схемасын ачышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


“Канал-Аракс” атайын операциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Аламүдүн райондук ИИБнын Тергөө кызматы менен биргеликте кызматтык-издөө итинин жардамы менен Бишкек шаарынын 1974-ж.т. М.Б. аттуу жарандын батирин тинтүү жүргүзүшүп, натыйжасында 1 кг 45 гр Ооган тектүү “гашиш” баңгизаттары табылып алынган.


Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. 

Кармалган М.Б. Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Аламүдүн райондук соту тарабынан Бишкек шаарынын тергөө изоляторунда эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган.


Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган М.Б. баңгизаттарды “А” аттуу бир кишиден жолукпастан сатып алганы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал “А” жаран жаза мөөнөтүн Чүй облусунун түзөтүү абактарынын биринде өтөп жаткандыгы белгилүү болгон. 


Баңгизаттарды сатуудан акчаларын Бишкек шаарынын акча алмаштыруу пунктарынын бирине калтырып, ал эми баңгизаттарды белгисиз адамдар таштаган жерлерден алып жүргөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары кармалган М.Б. баңгизаттын кийинки партиясын алуу үчүн Бишкек шаарынын акча алмаштыруу жайларынын бирине 1 млн. сом акча каражатын таштап кеткендиги маалым болгон. 


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Ош шаарынын ИИБнын тергөө-ыкчам тобу менен биргеликте Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын жээгинен таштардын астынан күрөң түстөгү пластилинге окшош кара куурай жыты бар, жалпы салмагы 3 кг 70 гр полиэтилен пакеттерге оролгон төрт бурчтуу формадагы алты брикет табышып, алынган заттардын жалпы салмагы 4 кг 115 гр болду.


Андан соң, “А” аттуу соттолуп абакта мөөнөтүн өтөп жаткан адам кармалган адам менен телефондук сүйлөшүдө кошумча 10 кг баңгизат каражатын сатып алууну сунуштап, ошол эле алмашуу бюросуна акчаны калтырууну өтүнөт. 


Операциянын жүрүшүндө баңгизаттардын кезектеги партиясы үчүн 285000 сом жана 2000 АКШ доллары акча каражатын өткөрүп берүү учурунда Бишкек шаарындагы акча алмаштыруу пунктунун кызматкери Ж.М. аттуу жаран кармалган. 


Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу жана адалдоо фактысы боюнча акча алмаштыруу пунктунун кызматкери Ж.М. Бишкек шаарынын тергөө изоляторуна киргизилген. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн