Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде алдамчылык менен алектенип, изин жашырып кеткен адам кармалды

02.05.2023 09:48
570
Баткенде алдамчылык менен алектенип, изин жашырып кеткен адам кармалды

Баткенде алдамчылык менен алектенип, изин жашырып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан атайын тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 38 жаштагы жаран С.С. Ош облусунун Ноокат районда жашынып жүргөн жеринен кармалды.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын апрель айында Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жаран С.С. жабырлануучуга алдамчылык жолу менен ири суммадагы акчасын алдап бербей жүргөнүн айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүсүн суранган.


Аталган факты боюнча топтолгон материал Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык ) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Азыркы учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн