Россиянын Иркутск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Иркутск-Бишкек-Иркутск багыты боюнча жаңы туруктуу авивакаттам ачылды.
Аталган багыт боюнча авиакаттамдарды "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аткарат. Ал эми кечээ, 16-июнда Бишкекке биринчи каттам менен 96 жүргүнчү учуп келди.
Каттам жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат.
Учуунун убактысы 4 саат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн