Иса Өмүркуловдун ордуна депутат Өмүрбек Бакиров убактылуу КСДП парламенттик фракциясынын лидери болду. Бул тууралуу 24.kg өзүнүн булактарына таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, Иса Өмүркулов ыйгарым укуктарын чет өлкөгө узак мөөнөткө дарылануу үчүн кетип жатканына байланыштуу убактылуу өткөрүп берген.
Ошол эле учурда 24.kgге келген документке таянсак, анда Иса Өмүркулов парламенттик көпчүлүк коалициясынын башчысы катары ыйгарым укуктарын Жыргалбек Турускуловго өткөрүп берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн