Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Иса Өмүркуловдун уулу унаасы менен дагы бир адамды сүзүп кетти

Иса Өмүркуловдун уулу унаасы менен дагы бир адамды сүзүп кетти


Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде унаасы менен велосипедченди сүзүп кетти. Белгилүү болгондой, кырсык жөө адамдар өтүүчү жолдо болгон.


Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады. Жабырлануучу 1992-жылы туулган М.Ж аман калып, ооруканага жаткырылды. Азырынча Азамат Өмүркулов кармалгандыгы жана анын автоунаасы айып жайга киргизилгени белгисиз.


Белгилей кетсек, Азамат Өмүркулов 2011-жылы август айында жол кырсыктын күнөөкөрү болуп, анын кесепетинен үч жаш каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн