Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Исхак Масалиев: Референдум — экзамен эмес

13.04.2020 11:26
1162
Исхак Масалиев: Референдум — экзамен эмес


Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Кыргызстанда башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү тууралуу депутат Курманкул Зулушевдин демилгеси жөнүндө өзүнүн пикирин билдирди.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга 1-апрелде чыгарылган. Юристтер жана саясатылар бул документти сындап, авторду бул демилгени кечиктирбестен чакыртып алууга үндөп жатышат. Серепчилер эскерткендей, Кыргызстанда COVID-19 эпидемиясы курчуп баратат, жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүүдө, экономика да олку-солку абалга кептелди жана парламенттик шайлоонун үзгүлтүккө учуроо коркунучу турат. Мындай шартта бүт элди добуш берүүгө үндөө – саясий ойлонулбаган кадам.

Демилгенин автору эмне себептен ушундай абалда башкаруу формасы аны тынчсыздандырып жатканын эмдигиче түшүндүргөн жок.  

Ушул маселелердин тегерегинде кесиптеши Исхак Масалиев өзүнүн пикирин билдирип, Курманкул Зулушев бул мыйзам долбоорун бирге демилгелөөгө аны кантип чакырып калганын айтты жана бул долбоор 2019-жылдын ноябрь айында эле иштелип чыкканын белгиледи.

- Бирок коомдук талкууга коюлган вариантындагы сунушта демилгечилердин бири катары сиздин фамилияңыз жок. Эмнеге?

- Менин өзүмдүн мыйзам долбоорлорум жетиштүү. Зулушев бул идеяны мени менен чогуу талкуулаган. Ал убакта мен колдогом, азыр дагы элдин кандай башкаруу шартында жашоону каалай турганын сурап билүүдө эч кандай катастрофаны көргөн жокмун. Кайсынысы жакшы – 120 башкаруучу же Конституция боюнча бөлүнүп ыйгарым укуктары аныкталган бардык жетекчилерге жоопкерчиликтүү болгон бир башкаруучубу? Бизде парламенттик республика жок. Жогорку Кеңеш бийликти толугу менен алуудан кооптонот. Караңыз, пандемия менен коштолгон кризис шартында мамлекет башысы донорлор менен жолугуп жатат, демек каржы маселесин ал чечет. Ал эми Баш мыйзам боюнча мындай маселелер менен парламент алектениши керек болчу.

- Бирок карапайым эл спецификаны түшүнбөй, башкаруу формасын ажыратып биле алышпай жатат. Ушундай учурда Курманкул Токторалиевичтин сунушун так жана кыскартып (формулировать) иштеп чыкса болобу?

- Эл саясий илимдин майда-чүйдөсүн ылгай албайт, парламентаризмден президенттик башкаруу формасын ажырата алышпайт, демек туура эмес добуш берип алышат деген айрым эксперттер элди будамайлоо жана алдоо түшүнүгү менен алектенгендер. Референдум – бул саясат таануу боюнча билимин текшерген экзамен эмес. Бул жерде адашып добуш берип алуусу жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Эгерде эл парламентаризм керек десе, парламентаризмди калыптандыруу керек, бүгүнкү күндөгү кадыры түшүп жаткан парламентти Конституция боюнча чыңдап алуу зарыл. Эгерде президенттик форма үчүн добуш беришсе, анда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү абзел.  

Демек, президенттин калган мөөнөтү жокко чыгабы?

- Сөз азыркы мамлекет башчысынын мөөнөтүн жокко чыгаруу жөнүндө эмес. Эл аны өзү чечет. Мен түшүнүп атам, кээ бир саясатчылар жана юристтер эгерде Кыргызстанда президенттик башкаруу формасы кирсе, анда бир адамдын диктатурасы жана авторитаризми орнойт деп коркуп жатышат. Бирок азыркы саясий чындыкта, азыркы саясий шартта өлкө эки революцияны башынан өткөрдү, эки президент куулуп чыкты. Ошондуктан мындай бийликти күчтөндүрүүгө болбойт. Өзүнүн тажрыйбасынын ушундай өкүнүч менен аякташын ким эле кааласын? Бирок албетте түшүнүү керек, азыр деле парламенттик демократияда жашап жаткан жерибиз жок. Ошондуктан келгиле, бир ирет шайлоочулардан ачык сурайлы, эмнени каалап турганын. 

Булак: elgezit.kg

   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн