Ысык-Атада 800 түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Ысык-Ата району Ивановка айылы Г.Ильин көчөсүндө ачык аянтта жыйналган 800 түк чөп күйдү. Себеби такталууда.
Өрттү өчүрүүгө №4 ӨКБнөн 1 бөлүм тартылды. Өрт саат 17:40да чектөөгө алынып, саат 21:35де толук өчүрүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн