7-февралда Ысык-Ата районуна караштуу “Бишкек-Нарын-Торугарт" айланма унаа жолунун 29-чакырымында оор жүк ташуучу “DAF” үлгүсүндөгү унаа менен “Toyota Prius” үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык жерине Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.
Кырсыктын кесепетинен “Toyota Prius” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 22 жаштагы Н.А. аттуу эркек киши жеринде каза болуп, куткаруучулар маркумдун денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ошондой эле кырсыктан 25 жаштагы эки эркек жаран жабыркаган, алар тез жардам унаасы менен Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн