Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында сарайдан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кароосуз калган сарай күйгөн. Натыйжада сарайда белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Өрттүн себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн